БУУ Украинада үч миңден ашык жайкын тургун каза болгонун билдирди

Мариупол шаары, апрель, 2022-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму Орусия кол салгандан бери Украинада каза болгондор 3300гө чукулдаганын билдирди. Каза болгондордун 231и жашы 18ге толо элек балдар болгон.

БУУнун жарыялаган отчётуна ылайык, жалпы 3,5 миңден ашуун адам жараат алган. 73 наристенин сөөгү өздүгүн аныктоого болбой турган абалда.

Улуттар Уюму жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактарда 105 адам өлүп, 417 киши жарадар болгонун кабарлады. Алардын дээрлик баары ракета, артиллериялык чабуулдарда көз жумган.

БУУ бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин, курмандыктар азыркыдан да көп болорун эскертти. 12 миллиондой адам ички жана тышкы качкынга айланган.

24-февралда Орусия Украинанын аймагына басып кирип, согуш ачкан.

2022-жылдын май айына карата KSE Institute аналитикалык борбору өлкөдө 33 млн. чарчы метр турак жай талкаланып, 543 бала бакча, 231 медициналык, 144 маданий жайлар, 97 диний имарат кыйраганын эсептеген.

Дагы караңыз

Жаманкулов: Ала-Арча паркынын статусу өзгөрбөйтАлматыда камактагы жарандык активист Мамайдын тарапташтары кармалды"Күндөн энергия алуу ГЭСтеги сууну үнөмдөйт" "Каракол" аэропортунда жаңы аэробекеттин курулушу башталды"Исламды илимге жана демократияга каршы койбош керек"