Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

"Каракол" аэропортунда жаңы аэробекеттин курулушу башталды


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Бүгүн, 7-майда Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекеттин курулушуна капсула салды.

Аэровокзал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилерин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент аэродромдун элементтери жаңыланарын, учуу-конуу тилкеси 400 метрге узарып, "Каракол" эл аралык аэропортунун терминалдык комплекстин жаңы имараты курула турганын билдирди. Жаңы курулуш эл аралык каттамдар менен келчү туристтерди кабыл алууга шарт түзө турганын да белгиледи.

Садыр Жапаров 2026-жылга чейин өлкө аймагындагы ички жана эл аралык аба майдандар жаңыланып, ички каттамдар жанданарын да айтты.

"Каракол" аба майданы 1971-жылы курулган. 1978-жылдан баштап учуу тилкелери иштеген, ошондон бери жаңылана элек болчу. Кыргызстанда төрт эл аралык, жети аймактык аба майданы бар. (BCh)

XS
SM
MD
LG