Кыргызстан менен менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында "Европа айылдары" деген аталыштагы майрамдык иш-чара өтөт.
Бул тууралуу Биримдиктин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. 10-майга белгиленген иш-чарада Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги жетишкендиктери чагылдырылат. Биримдикке мүчө мамлекеттеринин маданияты тартууланып, кызматташуун келечеги сунушталат.
Маданий иш-чара европалык салттуу тамак-аштардын даамын татуу, түркүн түстүү шоу-программа, байгелүү сынактар, жергиликтүү артисттердин концерти менен коштолот.
Иш-чаралар 10-майда саат 13:00дө үч шаарда өткөрүлөт. Кирүү акысыз.
Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы 1991-жылы башталган.
Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишим даяр болгону 2019-жылы эле кабарланып, кол коюлары айтылган. Бирок ал ишке ашкан эмес.
2014-2020-жылдары Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Кыргызстанга мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө, билим берүү тармагын жана айылдарды комплекстүү өнүктүрүүгө 172 миллион евро өлчөмүндө колдоо көрсөткөн. 2022-24-жылдары өлкөнүн санариптик трансформациясын колдоо, адамдык ресурстарды өнүктүрүү, "жашыл" жана климатка туруктуу экономикага өтүү үчүн 62 миллион еврого чейинки сумманы бөлөт деп күтүлүүдө. (КЕ)
Дагы караңыз
Министр Жаманкулов манасчы кысымга кабылганын четке какты (видео)Казакстан Кыргызстан менен чек арада 1 млн. жасалма акциздик марка табылганын билдирдиКыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын үч жараны каза болду (видео)7-майда айрым аймактарда жаан жаайт