Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши жана “Манас айылынын” айланасындагы окуяларга комментарий берди. Ал 6-майда “Азаттык” менен болгон маегинде “Манас айылы” оңдоп-түзөөдөн өтүп, этнографиялык комплекстин жери ошол бойдон каларын айтты.
Жаманкулов президент Садыр Жапаров "Манас айылы" ордунда каларын, реконструкция жасаларын түшүндүрүү үчүн Дөөлөт Сыдыковду жолугушууга чакырганын, манасчы бирок андан баш тартканын белгиледи:
"Дөөлөт мырзаны чакырып баарын түшүндүрдүм. Ал жерде эч кандай коркутуу болгон эмес. Президент да “Манас бир кишиники эмес. Ага баарыбыз күйөбүз” деп айтпадыбы. Кичинекей жерден бул чоң маселеге айланып кетти".
Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, таанымал манасчы Дөөлөт Сыдыков кысымга кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин 5-майда билдирген.
Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин басып алуу аракети болуп жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн. Бийлик өкүлдөрү комплекс реконструкция болорун билдирип, жер басып алууга байланыштуу кепти четке кагышкан.