Кепеде жашаган үй-бүлөнүн балдары санаторийге жиберилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Интергельпо көчөсүндөгү мурдагы сарайлардын биринде ижарада жашаган жана кургак учуктан жабыркаган үй-бүлөгө президенттин администрациясы жана "Үмүт булагы" кайрымдуулук фонду жардам берди. Алар менен кошо ошол аймакта жашаган 50 чакты үй-бүлөгө азык-түлүк таратышканын балдардын апасы Рима Илимбек кызы "Азаттыкка" кабарлады.

Анын айтымында, президенттик аппараттын көрсөтмөсү менен балдары Чолпон-Ата шаарындагы атайын санаторийге дарыланууга жиберилди. Тогуз, беш жана үч жаштагы чүрпөлөрү кургак учуктан дарылоочу жайга жайгаштырылды, эки жаштагы кенже уулу ата-энеси менен Бишкекте дарыланууда.

Рима Илимбек кызынын маселесине жергиликтүү бийлик - Ленин райондук акимчилиги, Бишкек шаардык мэриясы да көңүл буруп, азык-түлүк берген. Мэрия балдарга жөлөк пул берүү маселеси атасынын паспорту жаңылангандан кийин чечилерин билдирүүдө.

Буга чейин Рима Илимбек кызы балдарына жөлөк пул ала албай, "Азаттыкка" кайрылып, үй-бүлөнүн кейиштүү абалы тууралуу тасма жарыяланган. Кургак учуктун ачык турү менен ооруган атасынын күнүмдүк таап келгенине жашоого аргасыз болгон үй-бүлө тууралуу тасма жарык көргөндөн кийин кайрымдуулук кылып, жардам колун сунган адамдар да көбөйгөн. (ZKo)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жер кепедеги балалык, карызга батырган дарт

Дагы караңыз

Жер кепедеги балалык, карызга батырган дарт

Дагы караңыз

Аскер госпиталында дээрлик миллион сом кымырылганы кабарландыОрусия “Азовсталь” заводуна үч күндүк коридор ачарын жарыяладыУКМК Баткендеги асфальт төшөө ишин көзөмөлгө алганын маалымдадыМанасчы Дөөлөт Сыдыков кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди