Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Аскер госпиталында дээрлик миллион сом кымырылганы кабарланды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталганын билдирди.

"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Коргоо министрлигинин 44549 аскер бөлүгүнүн (аскер госпиталы) каржы кызматынын башчысы мыйзамсыз түрдө өз эсебине бюджеттик каражаттарды которуп алганы аныкталган",- деп айтылат 5-май күнкү расмий маалыматта.

Мунун айынан мамлекетке 965 миң сом зыян келтирилгени кабарланды.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу"), 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Коргоо министрлиги тараптан комментарий бериле элек. (SE)

XS
SM
MD
LG