Орусия Украинадагы согушту сындаган журналистке издөө жарыялады

Александр Невзоров

Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинадагы согушту айыптаган журналист Александр Невзоровго издөө жарыялады. Теле алып баруучу орус армиясы тууралуу чындыкка жатпаган маалымат таратууга шектелүүдө.

Невзоровго кылмыш иши козголгонун Тергөө комитети 22-мартта кабарлаган. Анда журналисттин Украинанын Мариупол шаарындагы төрөткананы орусиялык аскерлер аткылаганы тууралуу билдирүүсү иликтөөгө алынып жаткан.

Жоокерлердин жарандык объектилерди атайылап аткылоосу аскердик кылмыш катары каралат. Орусиянын куралдуу күчтөрү мындай соккуларды уруп жатканын төгүндөп келет. Жарандык объектилер талкаланган учурда “аны украин аскерлери аткылаган” деген маалымат таратат.

Орусиянын Мариупол шаарындагы төрөт үйүнө авиасокку урганын украин бийлиги 9-мартта кабарлаган. Орусия алгач имаратта Украинанын Улуттук гвардиясынын бөлүмүнүн штабы жайгашканын билдирсе, кийин алар сокку урганын танып чыккан.

Мамлекеттик Думанын төрт чакырылышынын депутаты, советтик жана орусиялык журналист, режиссёр, сценарист Александр Невзоров Орусия Украинага кол салган учурда эле катуу сындап чыккан. Андан кийин өзү чет жакка чыгып кеткен. Ушул күндөрү да Ютуб жана Телеграм каналында Кремлдин чечимин катуу айыптаган материалдарын жарыялап жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкек-Ош жолунда төрт айда 12 адам каза болдуБайден Javelin куралын чыгарган заводго бардыИИМ 9-майда символдорду колдонбоону сунуштадыЕврокомиссия орус мунайын Евробиримдикке киргизүүгө тыюу салууну сунуштадыУкраинада ири жол кырсыгы катталып, 27 адам каза болду