Украинанын батыш тарабындагы Ровень облусундагы автобус, жеңил автоунаа жана бензин ташуучу автоунаа кагышып, кеминде 27 адам өлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук полициясы кабарлады.
Кырсык 3-майдын кечинде Киев-Чоп трассасында катталды. Транспорттор кагышкандан кийин эле бензин ташуучу автоунаа жарылып, үч транспорт тең күйүп кеткен. Каза болгондордон сырткары он чакты адам оор жараат алды.
3-майдын кечиндеги түнкү кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленский “бул үрөй учурган кырсык” экенин айтып, анда набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Жол кырсыгынын согушка түздөн-түз байланышы бар экени маалымдалган жок. Анын себептери иликтенүүдө.
Орусиянын куралдуу күчтөрү 3-майда Украинанын чыгыш облустарынан сырткары батыш аймагын да аткылаган. Анын ичинде Львов облусуна бир нече ракета түшүп, ондогон адамдар мерт болду. (ErN)