Украинада ири жол кырсыгы катталып, 27 адам каза болду

Украинанын батыш тарабындагы Ровень облусундагы кырсык катталган жер. 3-май, 2022-жыл.

Украинанын батыш тарабындагы Ровень облусундагы автобус, жеңил автоунаа жана бензин ташуучу автоунаа кагышып, кеминде 27 адам өлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук полициясы кабарлады.

Кырсык 3-майдын кечинде Киев-Чоп трассасында катталды. Транспорттор кагышкандан кийин эле бензин ташуучу автоунаа жарылып, үч транспорт тең күйүп кеткен. Каза болгондордон сырткары он чакты адам оор жараат алды.

3-майдын кечиндеги түнкү кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленский “бул үрөй учурган кырсык” экенин айтып, анда набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Жол кырсыгынын согушка түздөн-түз байланышы бар экени маалымдалган жок. Анын себептери иликтенүүдө.

Орусиянын куралдуу күчтөрү 3-майда Украинанын чыгыш облустарынан сырткары батыш аймагын да аткылаган. Анын ичинде Львов облусуна бир нече ракета түшүп, ондогон адамдар мерт болду. (ErN)

Дагы караңыз

Иштамберди кенинде жумушчулар иш таштаганы айтылдыБишкекте футзал боюнча "Мурас" турнири өтүп жататПутин менен Макрон марттан бери биринчи жолу телефондон сүйлөштүОшто эки миңдей киши катышкан веложүрүш өттү5-майда айрым аймактарда катуу жаан жаайт