Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Бишкекте футзал боюнча "Мурас" турнири өтүп жатат


"Президенттин администрациясы" жана "Жогорку Кеңеш" командаларынын ортосундагы беттеш.
"Президенттин администрациясы" жана "Жогорку Кеңеш" командаларынын ортосундагы беттеш.

4-майда Бишкекте футзал боюнча "Мурас" турнири башталды. Ага мамлекеттик органдардын, маданият ишмерлеринин, ишкерлердин, журналисттердин жана башка топтордун 12 командасы катышууда.

Турнирдин башындагы "Президенттин администрациясы" жана "Жогорку Кеңеш" командаларынын беттеши 4:1 эсебинде аяктады. Эки голду мамлекет башчысы Садыр Жапаров киргизди.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы уюштурган турнир 5-майда жыйынтыкталат.

Ага төмөнкү командалар катышууда:

  • “Президенттин администрациясы” - Садыр Жапаров баштаган президенттик администрациянын кызматкерлери;
  • “Өнөр” - Маданият ишмерлери;
  • “Бизнес” - ишкерлер;
  • “Журналисттер” - маалымат каражаттарынын өкүлдөрү;
  • “Алга” - футбол ардагерлери;
  • “Спорттук федерациялар” - Спорттук федерациялардын жетекчилери;
  • “Жогорку Кеңеш” - парламенттин депутаттары;
  • "Аймактар" - президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери;
  • “Ыйман” - муфтий баштаган дин өкүлдөрү;
  • “Элчилер” - чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери;
  • "Ден соолук" - дарыгерлер;
  • “Билим” -жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мектеп директорлору.

Турнирди КТРК, КТРК Спорт телеканалдары түз эфирде көрсөтүүдө.

2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган мелдештер өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, үчүнчү орунду президенттин администрациясы ээлеген. (SE)

XS
SM
MD
LG