5-майда айрым аймактарда катуу жаан жаайт

Кашка-Суу айылы, Чүй облусу. 2017-жыл.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 5-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 18...23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 22…24 градус болот.

Дагы караңыз

Диплом чыры жана кадр саясатыБишкекте футзал боюнча "Мурас" турнири өтүп жататЭл аралык уюмдар Болот Темировго коюлган айыптарды алып салууга чакырыштыСотторду ротациялоо коррупцияны азайтабы?