Кадамжай: бүтүрүүчү класстын окуучусунун суициди иликтене баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

2-май күнү Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну жашаган үйүнүн короосунда асынып каза болгонун Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

"Окуя милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды. Каза болгон баланын атасы Ош шаарында дарыланып жатканы, энеси Орусияда миграцияда экендиги маалым болду”,-деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.

Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалууда. Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. (JsA)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө жол жээгиндеги беш гектар жер өрттөндү“Чек арасыз кабарчылар”: Иш жүзүндө Орусияда сөз эркиндиги жок болдуБишкекте журналисттер ишембиликке чыгышты"Медиа полиси институту" бийликти демократиядан тайбоого чакырды