Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте журналисттер, активисттер жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Алар Журналисттер аллеясын тазалап, бүгүнкү кыргыз медиасындагы абал тууралуу пикир алмашышты. Иш-чараны Кыргызстан медиасынын аракеттеги платформасы уюштурду.
Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясын 2010-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмеси түптөп, көчөттөр тигилген.
3-май - басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет. Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген. (SE)