Мариупол: жер төлөдө өткөн эки ай

"Азовсталь" заводунун жер төлөсүнөн чыгарылып жаткан карапайым тургундар. 1-май, 2022-жыл.

1-майда Мариуполдогу "Азовсталь" заводунан жүздөй жайкын тургун эвакуацияланды. Элүү күндөн ашуун жер төлөдө баш калкалаган карапайым украиналыктарды коопсуз жактарга чыгарып кетүү дагы уланары күтүлүүдө. Британ чалгын кызматы Украинада орус армиясы эбегейсиз чоң жоготууларга учураганын билдирди. Москва азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.

2-майда Мариуполдогу "Азовсталь" заводунан жайкын тургундарды чыгарып кетүү жараяны уланды. Арасында 37 жаштагы Наталья Усманова да бар. Ал күйөөсү менен дээрлик эки ай "Азовсталь" заводунун жер төлөсүндө күн көрбөй отурган.

"Аткылоолор ушунчалык катуу болгондуктан кээде төбөдөн бир нерселердин баары түшчү. Бункердин ичинде кычкылтек жетишчү эмес. Тепкич жактан таза аба менен дем алса болот эле. Мен жада калса ошол жакка чыккандан коркчумун",-деген Наталья аман-эсен чыкканына дале ишене албайт.

Дагы караңыз Дүйнөлүк банк Украинага жардам бермей болду


Орусия Азов деңизинин боюнда жайгашкан стратегиялык Мариупол шаарын толук өз көзөмөлүнө алса, 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралы менен орусиячыл жикчилдердин карамагындагы эки районду байланыштырууга жол ачылат.

Согушка чейин 400 миңдей калкы бар шаар дээрлик жер менен жексен болду. Ушул тапта кыйраган калаада жүз миңдей карапайым адам бар. Ал эми "Азовсталь" заводунун алдына эки миңдей украин аскери менен миңдей жайкын тургун жашынган. Мариуполдогу эвакуация Улуттар Уюму, Кызыл Жарым Ай эл аралык уюмдарынын жардамы менен ишке ашууда.

Британия: орус армиясы чоң жоготууларга учурады

Британиянын чалгын кызматынын 2-майда тараткан маалыматына ылайык, орус күчтөрүнүн жоготуусу эбегейсиз болгондуктан, аны кайра калыбына келтирүүгө бир топ жыл керек. Жалпысынан орус армиясынын 120 батальону согушка тартылып, алардын төрттөн бир бөлүгү кыйраган.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Одессанын жанындагы аскердик кампаны жок кылганын билдирди.

1-майда АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси Киевге күтүүсүз барып, президент Зеленский менен жолуккан. Ал Америкадан кошумча колдоо күтүлөрүн билдирди. Ошол эле күнү Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер Украинага көрсөтүлгөн жардамдын ичине орус олигархтарынан конфискацияланган активдердин баары кошуларын айтты.

Украинанын президенти Володимир Зеленский жана АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрайымы Ненси Пелоси.

Пелоси 2-майда Польшага барып, президент Анжей Дуда менен жолукту. Согуш башталганы Польша үч миллиондой украиналык качкынды кабыл алды.

1-майда Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Бээжинге барды. Киев бир катар чоң державалардан, анын ичинде Кытайдан коопсуздук кепилдигин алууну көздөйт.

Украина Орусияга сунуштаган тынчтык келишиминин долбооруна ылайык, Киев бир катар мамлекеттердин коопсуздук кепилдигин алгандан кийин гана НАТОго кошулбай тургандыгы тууралуу шарт койгон.