Сегиз тоннадан ашык сүттү дарыяга төккөн кишинин тек-жайы такталды

Дарыяга сүт төгүлүп жаткан учур. Сүрөт соцтрамактагы видеодон алынган.

Милиция Чүй облусунда сегиз тоннадан ашык сүттү дарыяга төккөн кишинин тек-жайын тактады. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ал Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну экенин билдирди.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, сүт ташуучу унаанын айдоочусу 30-апрелде Жаңы-Жер жана Жогорку Чүй айылдарынан чогултулган сүттү тийиштүү талаптарга жооп бербегендиктен сүт алуучу ишканага тапшыра алган эмес. 1-майда сүттү дарыяга төгүп, аны видеого тартып кардарларга жөнөткөн. Милиция сүт кабыл алуучу ишканалар менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн, териштирүү уланып жатканын кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да бул окуя тууралуу Фейсбукка жазып, сүттү кайра иштетүүчү “Үмүт жана Ко” жана “Ак Сүт” ишканаларында текшерүү башталганын белгиледи. (SE)

Дагы караңыз

Арменияда тургундар Тоолуу Карабак боюнча митингге чыгыштыСадыр Жапаров диний сабатсыздардын жетегинде калбоого чакырдыОрусияда 1-майдагы акцияларда 200дөн ашуун адам кармалдыБишкектин эски аянтындагы Айт намазы