1-майда Армениянын борбору Ереванда өлкөдөгү оппозиция уюштурган митинг өттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлап, миңдеген адамдар өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылганын жазды.
Эки апта мурда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын төмөндөтүүнү күтүп жатканын” айткандан кийин акциялар башталган. Оппозиция муну армян өкмөтүнүн Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп баалап жатат.
Парламенттеги "Айастан" фракциясынын өкүлү, парламенттин вице-спикери Ишхан Сагателян “акыркы каршылыктар Никол Пашиняндын Тоолуу Карабак боюнча шарттарга көнүүгө мандаты жок экенин көрсөткөнүн” жарыялады. “Жакын арада биз бул адамдын бийлиги да жок экенин көрсөтүшүбүз керек”,-деди Сагателян жекшембидеги митингде.
Еревандын “Франция” деп аталган аянтында өтүн жаткан митингге Армениянын төрт аймагынан жөө жүрүш менен келген каршылык топтору да кошулду. Ишхан Сагателян чогулгандарды чатыр тигип, акцияларды мөөнөтсүз улантууга чакырууда.
Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Армения аталган аймактагы айылга Азербайжан аскерлери басып киргенин маалымдаса, Азербайжан тарап тескерисинче Армения тарапты күнөөлөгөн. Нейтралдуу аймакты кайтарып жаткан орус аскерлери Азербайжан тараптан аткылоого кабылганын билдирген.
Апрелдин башында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель ортомчулугу аркасында Брюсселде жолугушкан. Анда алар Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.
Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)