Орусия: согушка каршы пикири үчүн иштен кеткен мугалимди окуучулар колдоп чыкты

Маручана Воронинаны колдоо акциясынан. Краснодар крайы, Орусия. Апрель, 2022-жыл.

Орусиянын Краснодар крайындагы орто мектептин мугалими - Маручана Воронина сабак учурунда согушка каршы пикирин айтканы үчүн иштен алынган. Буга нааразы болгон окуучулар менен ата-энелер мугалимди колдоп, жергиликтүү бийликке жалпы кат жазышты. Окуучулар мугалимин колдогон сүрөттөр тартылган плакаттарды алып келишкен. Шаардык бийлик мугалим иштен өз каалоосу менен кеткенин билдирүүдө.

Украинадагы согушка каршы маанайын билдирген мугалимдин сабагын окуучулардын бири телефонуна тартып алып, ата-энесине көрсөткөн. Алар эжейди "русофобиялык үгүт" жүргүзүп жатат деп айыптап, бийликке даттанышкан.

Жергиликтүү басылмалар маалымдагандай, Воронина иштеген мектепте күч кызматтары текшерүү жүргүзүүдө.

Буга чейин Орусиянын Украинага каршы баскынчылык аракеттерин сынга алган бир катар активисттер, журналисттер, артисттер жана башка жарандар куугунтукка алынышкан. Айрымдары мекенин таштап коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болушкан.

Дагы караңыз

Чүйдө эл сүт иштетүүчү заводдорго нааразылык билдирип жататАбдраимов жер ишине байланыштуу кармалды БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов камалды УКМК Туйгунаалы Абдраимовдун кармалышы тууралуу маалымат берди Баткенди өнүктүрүү планынын долбоору талкууландыМугалимдин айлыгы көтөрүлдү