Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчы Ысык-Ата районунан 11 гектардан ашык жерди өзүнө таандык “Кайнар” ишканасына мыйзамсыз бөлдүрүп алганын маалымдады.
Абдраимовдун уулу маалыматты четке кагып, компания жерди сатып алганын айтып жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири Туйгунаалы Абдраимов буга чейин атайын кызматта бир нече жолу сурак берип чыккан.
УКМК Туйгунаалы Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты аныкталганын 1-майда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 95% акциясы өзүнө таандык “Кайнар” жабык акционердик коомуна 11,2 гектар таштанды таштоочу жайды бекер бөлдүрүп алган.
“Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, “Кайнар” жабык акционердик коому 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген. Түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн “Кайнар” жабык акционердик коомуна ай сайын 250 миң сом төлөп турган. Бирок, “Кайнар” таштанды таштоочу жай уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жок кылуу боюнча эч кандай санитардык эрежелерди сактабаганы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат бул факты боюнча 30-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Туйгунаалы Абдраимовду тергөө абагына киргизди. Саясатчынын бөгөт чарасы аныктала элек.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, “Кайнар” жабык акционердик коомун Туйгунаалы Абдраимовдун уулу Казат Абдраимов жетектейт. Саясатчынын дагы бир баласы Элмурат Абдраимов “Кайнардын” карамагына өткөн жерди ишкана сатып алганын айтып жатат. Бирок канча каражатка, качан алынганын тактай алган жок.
“Улуттук коопсуздук комитети "компания санитардык талаптарды сактаган эмес” деп билдирди. Бирок эми таштанды төгүлгөн жерде жыт болот да. Аны кантип кетиришибиз керек? Мыйзам жагынан баары туура. Бизде экологиялык паспорт бар. Документтер ордунда. “Кайнар” атамдын атына 2001 же 2002-жылы катталган. Кийин кайра каттоодон өтүп, атам акционер болуп калган. Ал эми иним (ред: Казат Абдраимов) директор болгон”.
Туйгунаалы Абдраимовдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова аны атайын кызматтын кызматкерлери кечке жуук алып кетип, түнкү саат 12ге чейин суракка алганын айтты. Ал саясатчыны дароо кармаганга негиз жок деп эсептейт:
“Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин башка мамлекеттик органдарга тапшырма бергидей ыйгарым укугу барбы? Бул жерде козголгон кылмыш иши боюнча жооп эмес, кошумча суроо жаралды. Ошондуктан биз документтерди карап чыккандан кийин да кошумча маалымат беребиз”.
Туйгунаалы Абдраимов соңку күндөрү Кой-Таш, 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан жараяндарга катышып жүргөн. Бул иштер боюнча Алмазбек Атамбаев негизги шектүүлөрдүн бири.
Абдраимов былтыр сентябрь айында бийликти күч менен басып алууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинде да бир катар саясатчылар менен кошо Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак берип чыккан. Жакында эле “Азаттыкка” бул иш боюнча комментарий берген.
“Бийликти күч менен басып алуу боюнча иш козголгон боюнча эле турат. Суракка чакырышкан жок. Бул иш боюнча адвокатым жүрөт”, - деп айткан болчу.
Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына Туйгунаалы Абдраимовдун кармалышын саясий өч алуу деп баалап, “Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги саясатчыларды жок кылуу аракети” деп жазды.
Улуттук коопсуздук комитеттин мурдагы төрагасы, саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаев болсо Абдраимов акыркы жылдары саясаттан алыс жүргөнүн белгиледи:
“Мен билгенден акыркы мезгилде Туйгунаалы Абдраимовдун саясатка аралашып, ачык чыгып кандайдыр бир билдирүүлөрдү жасаганын билбейт экенмин. Мага ал чоң саясаттан четтеп калгандай сезилди. Ал коомдук, саясий иштерге көп деле аралашпай калган”.
Былтыр сентябрь айында атайын кызмат Туйгунаалы Абдраимовго “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен дагы бир иш ачкан. Мекеме ал мыйзамсыз жол менен тапкан кирешесине кыймылдуу, кыймылсыз мүлк алып, аны туугандарына каттатып койгонун жарыялаган. Жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилке, автоунаа токтотуучу эки жай, беш турак жай, үч дыйкан чарба, 16 машине жана “Ысык-Ата” курортунда бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаганын билдирген.
Абдраимов коюлган айыптарды четке каккан. Уулу Элмурат Абдраимов да бул мүлктөр туугандарынын менчиги экенин айтып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчыга буга чейин козголгон кылмыш иштери эмне болгону тууралуу маалымат бере элек.
64 жаштагы Туйгунаалы Абдраимов абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири. 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-жылы жети ай саламаттык сактоо министри болгон. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген.
Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп 2002-жылы келген. 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин бийлик алмашканда Боршайкомдун төрагасы болуп шайланган. Эки жылдай иштегенден кийин, 2007-жылы Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп кеткен жана ал кызматта 2010-жылы бийлик алмашканга чейин отурган.
Чүйдө губернатор болуп турганда журналист кыздын келбетине орой сөз айтып, коомчулуктун сынына кабылган.