COVID-19: Тогуз адам дарыланып жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган адам катталган жок. Ушул тапта ооруга мурда чалдыккан тогуз бейтап үйүндө дарыланып жатат.

2020-жылдын мартынан бери коронавируска 200 992 адам чалдыгып, 2 991 киши оорудан көз жумган. 196 400 адам илдеттен сакайган.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт.

1-майдан тарта сырттан Кыргызстанга келген адамдардан коронавирусту аныктоочу ПЦР тесттин жыйынтыгы да талап кылынбай турганы кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Султанбаев: президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн кубаттайтОрусия: кыскарган айлык, иш таштаган мигранттарКабулдагы жардыруу жети кишинин өмүрүн алдыДүйшөмбүдө Орусиядагы тажик мигранттарынын лидеринин соту башталдыКыргыз-казак мамилесин сынаган геосаясий жагдайКыргыз-казак өкмөт башчыларынын жыйынында протоколго кол коюлдуМосквадагы Жеңиш парадына бир да чет өлкөлүк лидер катышпайтИИМ Оштогу мектеп окуучусун ала качуу окуясы боюнча түшүндүрмө берди