Орусия Жеңиш майрамын белгилөөгө бир да чет өлкөлүк лидерди чакырбаганын Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдирди.
"Жеңиш майрамына биз чет өлкө лидерлерин чакырган жокпуз. Анткени бул юбилейлик дата эмес",-деди Песков.
Жеңиш парады Москвада 9-майда өтөт. 2021-жылы башка мамлекеттердин лидерлеринен жалгыз Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышкан.
Батыш лидерлери Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан бери Жеңиш парадына катышуудан баш тартып келишет.
2005-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун жетимиш жылдыгына карата Москвада отуздан ашуун мамлекеттердин лидерлери чогулушкан.
Алардын арасында АКШнын президенти Жорж Буш, Франциянын лидери Жак Ширак да болгон.
Дагы караңыз
Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев дайындалдыОш аэропортунда кармалып турган орусиялык учактын сертификаты текшерилүүдөТранспорт министрлиги акы төлөнө турган жолдор боюнча долбоорлорду сунуштайт