Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:14

Транспорт министрлиги акы төлөнө турган жолдор боюнча долбоорлорду сунуштайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагындагы автоунаа жолдорун тейлөөгө кеткен каражатты табуунун булагы катары жеке өнөктөштүк аркылуу инвестиция тартууну караштырууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Анда акы төлөнгөн жолдор боюнча дагы үч долбоор бар.

Биринчи долбоор - Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү 105 чакырым түндүк айланма жолу. Бул жолду реконструкциялоо жана аны тейлөөгө 150 млн. доллар керектелет. Жеке компания жолду 12-13 жылга чейин ала алат.

Экинчи долбоор - Сокулук-Белогорка аркылуу өткөн түштүк айланма жолу каралган. Наркы аныктала элек, долбоорду жеке тарапка берүү үчүн техникалык экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Мында Төө-Ашуудагы өтмөккө алтернатива боло турган миң метр төмөнүрөөк жол салуу каралган. Бул курулуштун баасы 250 млн. долларды түзүшү мүмкүн.

Үчүнчү долбоор - Өзгөн шаарын айланып өткөн 15 чакырым жол. Анын документтери май айында даяр болуп, долбоор сунушталат.

Ушул жылдын жай айларында транспорт министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана инвестиция министрлиги менен биргеликте документтерди тендерге даярдайт.

Кыргызстандагы жолдорду реабилитациялоо жана реконструкциялоо иштерине жалпысы 4,5 млрд. доллар каражат тартылган. Министрлик мындан кийин да сырттан каражат тартуу өлкөнүн бюджети үчүн кыйын болуп каларын, ошондуктан каржылоонун башка булактары каралып жатканын билдирди. (KS)

XS
SM
MD
LG