Кыргызстандын дагы 117 жараны Түштүк Кореяга жумушка кирет. Алар жаңы ачылган Бишкек-Инчхон авиакаттамы менен 29-апрелде Түштүк Кореяга учарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын сөзүнө караганда, кыргызстандыктар Түштүк Кореяда заводдордо иштейт. Биринчи келишим төрт жылга түзүлөт. Жумушчулардын иштегени, жүрүм-турумуна карап келишим дагы төрт жылга узартылышы мүмкүн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиТүштүк Корея менен чек ара ачылган төрт айдан бери 271 кыргызстандык жиберилгенин кабарлады.
2021-жылы кыргызстандыктарга 750 квота берилсе, быйыл 1815 квота бөлүндү. (BTo)
Дагы караңыз
Казакстан аркылуу Талас-Бишкек автобус каттамы жандандыГутерриш Киевде украин жетекчилиги менен жолугатОрусия соту Мариупол жөнүндө жазган журналистти камакка алуу чечимин чыгардыТаласта айдоочуга кол көтөргөн инспектор иштен алындыУКМК тууралуу мыйзам долбоорлор топтому экинчи окуудан өттү