Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:20

Гутерриш Киевде украин жетекчилиги менен жолугат


Чернигов аткылоодон кийин. 27-апрель, 2022-жыл.
Чернигов аткылоодон кийин. 27-апрель, 2022-жыл.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш украин жетекчилиги менен жолукканы жатат. Баш катчы Киевге 27-апрелдин кечинде, Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндөн кийин келди.

"Гутерриш гуманитардык колдоо, карапайым элди согуш аймагынан эвакуациялоого жардам берүү уланарын" Твиттерге жазды.

Ал арада Британиянын Коргоо министрлиги бейшембиде эртең менен Орусиянын Кара деңиз флоту Украинанын жээгин аткылоого дагы деле жөндөмдүү экенин билдирди. Буга чейин орус армиясы “Саратов” кемесин жана “Москва” крейсерин жоготкон. Министрликтин күнүмдүк бюллетенинде айтылгандай, Түркиянын Босфор кысыгы чет өлкөлүк кемелер үчүн жабык тургандыктан, Орусия жоготуулардын ордун толтура албай жатат.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников өлкө чыгышында кыйроо, жоготуулар болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу министр бейшембиде АКШнын Германиядагы Рамштайн базасында 40 чакты өлкөнүн аскердик өкүлдөрү катышкан жыйында айтты.

"Коалиция Кремлди жоопко тартууну гана эмес, Орусиянын зулумдугун жеңүүнү, согушту цивилизациялык дүйнө тарабынан жеңүүсүн камсыздоону максат кылат", - деп жазды Резников Фейсбукка.

Орусия Батышка Украинага курал-жарак жөнөтпөөнү эскертүүдө. Салгылашуулар уланган сайын гуманитардык абал да начарлап жатат.

27-апрелде Канаданын парламенти Орусиянын Украинага чабуулун “геноцид” деп атаган документти кабыл алды. Депутаттардын айтымында, Орусия жасаган "адамзатка каршы ыраттуу, массалык согуш кылмыштарынын далилдери абдан көп".

Москва Украиндагы жөн-жай тургундарды бутага алганын танып келет.

АКШ президенти Жо Байден 28-апрелдин кечинде Ак үйдө "өз өлкөсүн жана эркиндигин Орусиянын ырайымсыз согушунан коргогон украиналыктарды колдоо" жөнүндө сөз сүйлөмөкчү.

XS
SM
MD
LG