Соңку бир жылдын ичинде Баткенде бир нече жолу чыр чыгып, миңдеген жаран үйүнөн качып чыгууга мажбур болду. “Азаттык” Баткенден кабар алып, жарандардын күйүтүн жана үмүтүн айтып берет.
Баткен: Күйүт жана кооптонуу коштогон бир жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны каза болду. Андан бери эки өлкөнүн бийлиги бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок талаштуу тилкелер боюнча орток пикир табылган жок.