Лейлекте издөөдө жүргөн тажик жараны кармалды

Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Баткендин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери издөөдө жүргөн 40 жаштагы тажик жаранын кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Милициянын маалыматында, 2018-жылы Тажикстандын Согд облусунун тургуну Кыргызстанда “мыйзамсыз ишкерлик жана аткезчилик” беренесине шектелип издөө жарыяланган. Учурда шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Азырынча Тажикстандын расмий органдары Кыргызстанда кармалган жараны боюнча комментарий бере элек. (TSh)

Дагы караңыз

МАГАТЭнин башчысы Чернобылдагы радиация нормалдашканын айттыБУУнун баш катчысы Москвада орус президенти менен жолугуштуКыргызстан Кремлден "кара тизмедеги" мигранттарга мунапыс берүүнү өтүндү