Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

БУУнун баш катчысы Москвада орус президенти менен жолугушту


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин Москвадагы жолугушуусу. 26-апрель, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин Москвадагы жолугушуусу. 26-апрель, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин Москвадагы жолугушуулары жыйынтыкталды. 26-апрелдеги сүйлөшүүлөр бир саатка созулуп, анда негизинен Украинадагы кырдаал талкууланды.

Владимир Путин жолугушууда Орусия Украина менен макулдашууга барууга даяр экенин, кырдаалды дипломатиялык жөнгө салуу чараларынан баш тартпай турганын айтты.

Мунун мисалы катары ал Стамбулдагы делегациялардын сүйлөшүүлөрүн ийгиликтүү деп атады. Путин Украинанын Буча шаарындагы окуя муну улантууга “тоскоол болгон чагым” болгонун кошумчалады. Ал Украина алгач Донбасс менен Крым маселесин “коё турууга макул болуп жатып, Бучадан кийин президенттердин түз сүйлөшүүсүнөн башка жолдон баш тартып жатышканын" белгиледи.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Түркиянын сүйлөшүүлөрдү уюштуруу аракеттерин кубаттап, гуманитардык коридорлор боюнча БУУ-Орусия-Украина форматындагы байланыш топторун түзүүнү сунуштады. Ал Мариуполдогу "Азовсталь" заводунда камоолдо жаткан тургундарды чыгарып кетүү маселесин чечүүнү өтүндү.

Гутерриштин сөзүнө караганда Путин заводдогу жарандарды чыгарып кетүүгө Кызыл Чырым уюму менен БУУну тартууга макулдук берди. Муну менен катар Путин Мариуполдогу кармаш аяктаганын, 1300дөй украин аскери колго түшүп беришкенин, ага чейин шаардан 140 миңдей жашоочу Орусияга чыгарылып кеткенин айтты.

Антониу Гутерриш Украинадагы окуяны анын суверендүү аймагына кол салуу катары баалады, Путин орус аскерлеринин аракеттерин “аргасыз чара” катары мүнөздөп, аны Донбасстын жашоочулары 8 жылдан бери украин бийлигинин камоолунда калганы менен түшүндүрдү.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Орусия Украинага кол салган февралдан бери Москвага биринчи жолу барды. Путин менен жолугардын алдында ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөн. Гутерриш Москвадан соң Киевге барары айтылган. Украинанын президенти Владимир Зеленский аны “биринчи Киевге келип, кыйроолорду көрүп, андан кийин Москвага барышы керек эле” деп сынга алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG