"Түндүк электр" ишканасынын Талас филиалына караштуу Манас райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасынын кызматкерлери мамлекетке 2 млн. 800 миң сомдук зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу 25-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда мекеменин кызматкерлери Манас районундагы бийлик өкүлдөрү менен бирге абоненттердин Манас РЭТине төлөгөн каражатын "XENON" жана "IBS" базаларына салбай, өздөрүнө ыйгарып алганы айтылат. Ал акчанын ордун бюджеттин эсебинен жаап жүргөнү аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен иш козголгон.
Шектүү катары Манас РЭТтин башчысы, электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары, электр энергиясын сатуу боюнча бөлүмүнүн мурунку инженери, Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Дагы караңыз Башкы прокуратура электр тармагындагы жемкорлук боюнча маалымат бердиМарт айында Башкы прокуратура электр энергиясына 39 миллион сом дебитордук карызды баланстан мыйзамсыз чыгарганы үчүн “Түндүкэлектр” ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун маалымдаган. (KS)
Дагы караңыз
Элчи Кадыркулов Украинага кайтууну каалагандарды ашыкпоого чакырды Министрлик дарыгерлердин айлыгы көбөйгөн жол-жобону түшүндүрдү Атамбаевдин тарапташтары соттун алдында акция өткөрдүСелден улам Алайдагы негизги автоунаа жол жабылып калдыКытайда каржы пирамидасынан улам издөөдө жүргөн жаран Бишкекте кармалды Баткенде пенсионер эки айылды бириктирген көпүрө курду