Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:00

Башкы прокуратура электр тармагындагы жемкорлук боюнча маалымат берди


Кыргызстандагы электр көмөк-чордондордун бири.
Кыргызстандагы электр көмөк-чордондордун бири.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2016-2020-жылдар аралыгында электр тармактарындагы коррупциялык иштер териштирилип бүткөнүн маалымдады.

Анда айтылгандай, электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз кечүү боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси менен иш козголгон.

"Тергөөдө "Чыгышэлектр" 19 млн. 32 миң 175, "Түндүкэлектр" 39 миллион, "Ошэлектр" 134 млн. 402 миң 234 сом, "Жалалабадэлектр" ишканасынын кызматкерлеринин 12 млн. 192 миң 598 сомдук карызды эсептен мыйзамсыз чыгарып салганы аныкталды. Бул иштер боюнча акыркы төрт ай аралыгында он миң абонент суралып, 17 кызмат адамы камакка алынды,-деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов.

Келтирилген зыяндын 49 млн. 893 миң 473 сому өндүрүлүп, мамлекетке кайтарылганы айтылды.

Өткөн жылдын ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүү чечими кабыл алынган. Анда президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага электр тармактарындагы коррупциялык аракеттерге каршы күрөшүү тапшырмасын берген. (JsA)

XS
SM
MD
LG