Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил түзүмдөр көзөмөлдөгөн аймактарда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун бир нече кызматкери кармалды. Бул маалыматты баш кеңсеси Венада жайгашкан уюм 23-апрелде ырастап, кызматкерлерин бошотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатканын билдирди.
"ЕККУ Донецк жана Луганскиде атайын мониторинг жүргүзүү тобунун бир нече өкүлүнүн эркиндиги чектелгенине терең тынчсызданууда", - деп айтылат уюмдун Твиттердеги билдирүүсүндө.
ЕККУнун басма сөз катчысы Донбасста канча кызматкери ким тарабынан кармалганын так айтуудан баш тартты. Бул уюм март айында 500дөй байкоочуларын Украинадан чыгарып кеткен болчу.
"Азаттыктын" орус кызматы жазгандай, ЕККУнун миссиясы 2014-жылдан бери Украинада, анын ичинде Киевге баш ийбеген райондордо да мониторинг жүргүзүп келген.
1-апрелде уюмдун бул миссиясы ишин токтоткон. Буга Орусиянын миссиянын мандатын жокко чыгарганы себеп болгон. Донбасстагы жикчил түзүмдөр ЕККУнун кызматкерлеринен апрель айынын соңуна чейин аймактан чыгып кетүүнү талап кылган.
Ишемби күнү өздөрүн "Луганск элдик республикасы" деп атап алган жикчил топтун жетекчилери ЕККУнун айрым кызматкерлерин "тыңчылыкка" айыптаган. Бирок алар уюмдун кызматкерлери кармалганын такташкан эмес.
Дагы караңыз
АКШнын жогорку жетекчилери Киевге бара турганы күтүлүүдөКожошев менен Султанов логистикалык борбор курууну талкуулаштыКыргызстандын Украинадагы элчилиги Киевге кайтуу маселесин карап жататУкраинада православдардын Пасха майрамы белгиленүүдөДонецк: Орусиянын ракета соккусунан эки өспүрүм курман болду