Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:07

Украинада православдардын Пасха майрамы белгиленүүдө


Украин президенти Владимир Зеленский. Киев. 23-апрель, 2022-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский. Киев. 23-апрель, 2022-жыл.

Украинанын баш калаасы Киев баштаган бир катар аймактарда православдардын Пасха майрамы белгиленип жатат. Бул күнгө карата президент Владимир Зеленский Киевдеги София соборунан видео кайрылуу жолдоп, Украина согушту жеңип чыгарына ишенип турганын айтты. Ал Мариупол шаарындагы акыркы украин аскерлерин "каарман коргоочулар" деп атады.

"Биздин дубалдарды талкаласа болот. Бирок биздин аскерлерибиздин жана бүтүндөй өлкөнүн рухунун пайдубалын талкалоо мүмкүн эмес", - деди Зеленский.

Православдардын Пасха майрамы Орусия Украинага басып киргенине туура эки ай болгон учурга туш келди. Буга чейин украин бийлиги бул күнү диний жөрөлгөлөрдүн көбү онлайн түрдө өткөрүлөрүн эскертип, калкты түнкү комменданттык саат эрежесин сактоого үндөгөн.

Дүйнөдөгү православдардын руханий лидери патриарх Варфоломей Пасхага карата жолдогон кайрылуусунда Украинанын Мариупол баштаган бир катар шаарларына гуманитардык коридор ачууга чакырды.

Бирок бир нече күн мурда украин президенти Зеленский орус тарап Пасха маалында ок атышууну токтотуу тууралуу Киевдин сунушун четке какканын айткан.

Орусия менен сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын жетектеген Михаил Подоляк жекшемби күнү билдиргендей, орус күчтөрү Мариуполдогу украин күчтөрүнүн акыркы чордонуна айланган "Азовсталь" заводун аткылоону улантып жатат.

24-февралдан бери Украинадагы согушта миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылып, 5 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG