Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Исламбек Орозбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге алышты.
24-апрелде Улукбек Жолдошбеков 61 килограмм салмакта коло байге үчүн индиялык Мангал Кадян менен күч сынашып, 6-4 эсеби менен жеңди. Ал биринчи беттешинде өзбекстандык спортчу Жахонгирмирза Туробовду 6-2 менен уткан. Жарым финалда жапониялык Рей Хигучиге 14-4 эсеби менен жеңилип калды.
26 жаштагы Улукбек Жолдошбеков 2020-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болгон. Ага чейин эки жолу Азия чемпионатынын коло байгесин тагынган (2016-жыл, 57 кг, Баңкок. 2018-жыл, 61 кг, Бишкек). 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасында эркин күрөштөн Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону аталган.
Исламбек Орозбеков Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 74 килограмм салмакта биринчи беттешинде Түркменстандын спортчусу Атамурат Чарлыевди 9-0 менен уткан. Жарым финалда казакстандык атаандашы Нуркожа Кайпановго 15-8 эсеби менен утулуп, үчүнчү орун үчүн күрөштө өзбекстандык Ихтиёр Наврузовду жеңип алды.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын уткан. Роман Ким, Адилхан Нурланбеков, Үзүр Жусупбеков коло байге алышкан.
21-22-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медал тагынды.
23-апрелде эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алмаз Сманбеков менен Арсалан Будажапов коло байге алган. (BTo)
Дагы караңыз
Одессага сокку урулду. Набыт болгондордун арасында үч айлык ымыркай да барКыргызстандык православдар Пасха майрамын белгилешүүдө Жапонияда круиздик кеме кырсыктап, он адам каза болдуБаткен жана Сохтун акимдери суу көйгөйүнө байланыштуу жолугуштуФранцияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат