"Медиа топтоо – 2022" индустриалдык медиа форуму июнда өтөт

"Медиа топтоо – 2022" индустриалдык медиа форуму 4-5-июнь күндөрү Бишкекте өтөт. Бул тууралуу аны уюштуруп келаткан "Интерньюс" уюму кабарлап, журналистика, кино, жарнама, контент жаратуу тармагында иштегендерди ага катышууга чакырды.

Бешинчи жолу уюштурулуп жаткан форумда медиа туш болгон маселелерден сырткары, жаңы мүмкүнчүлүктөр, реклама, жаңы форматтарды колдонуу, пландаштыруу, команданы сактап калуу, балдар үчүн контент жаратууга байланыштуу тажрыйбалар, кейстер сунушталып, талкууланат. Ага жергиликтүү жана эл аралык тажрыйбалуу адистер катышат. (SE)

Дагы караңыз

Таалатбек Масадыков жумушчу сапары менен беш өлкөдө болдуКандуу "Макбет": сахнада сайылган кылычМариуполдогу тозок: туш келди көмүлгөн маркумдарРСК менен Айыл банк 2,5 млрд. сом жеңилдетилген насыя бердиОрусия АКШнын вице-президентине өлкөгө кирүүгө тыюу салдыБишкек Кремлдин "чындыгын" көрсөтпөйтБолот Темиров өзүнө козголгон кылмыш ишин "абсурд" деп атады