Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:15

РСК менен Айыл банк 2,5 млрд. сом жеңилдетилген насыя берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Айыл чарбасын каржылоо – 10" программасы боюнча ушул убакытка чейин Айыл банк 1,2 млрд. сом, РСК банк 1,3 млрд. сом насыя берди. Бул тууралуу аталган банктардын жетекчилери маалымат жыйынында билдирди.

Жалпы жонунан Айыл банк 1 млрд. 231 млн. сомду 2 миң 334 адамга насыя берген. РСК банк республика боюнча жалпысынан 1 млрд. 337 млн. 869 миң сом насыя берген. Насыянын 50% мал чарбасына, 25% дыйканчылыкка жана 25% айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилиши керек.

Дыйкандарга насыяга берүү үчүн 5 миң 750 тонна үрөн алынган. 18-апрелде 303 млн. сомго 5 миң 750 тонна үрөн алынган. 250 млн. сомдук үрөн насыяга берилген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканын, банктарда кезек күтүүлөр арбын экенин сындашкан.

Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленди.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG