Британия Киевдеги элчилигин кайра ачат

Британ премьер-министри Борис Жонсон.

Британия Украинанын баш калаасы Киевдеги элчилигин кийинки аптада кайра ачат. Бул тууралуу британ премьер-министри Борис Жонсон 22-апрелде Индиядагы сапары маалында билдирди. Бирок ал элчилик кайсы күнү ачыларын тактаган жок.

Орусия Украинага кол салар алдында Британия Киевдеги элчилигин Украинанын батыш тарабындагы Львов шаарына көчүргөн болчу.

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс өзүнчө билдирүү таратып, Украинанын орус күчтөрүнө каршы "өзгөчө ийгилигине" байланыштуу Лондон Киевдеги элчилигин кайра ачып жатканын белгиледи.

Апрель айынын башында британ премьери Жонсон Киевге барып, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал украин баш калаасынын айрым көчөлөрүн да кыдырган болчу.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери беш миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качты.

Дагы караңыз

Таалатбек Масадыков жумушчу сапары менен беш өлкөдө болдуАйсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш байге алдыБаткенде жыл башынан бери 50 килограммдан ашык баңгизат кармалдыРСК менен Айыл банк 2,5 млрд. сом жеңилдетилген насыя бердиОрусия АКШнын вице-президентине өлкөгө кирүүгө тыюу салдыЗеленский Мариупол Орусияга каршылык көрсөтүп жатканын айтты