РСК менен Айыл банк 2,5 млрд. сом жеңилдетилген насыя берди

Иллюстрациялык сүрөт.

"Айыл чарбасын каржылоо – 10" программасы боюнча ушул убакытка чейин Айыл банк 1,2 млрд. сом, РСК банк 1,3 млрд. сом насыя берди. Бул тууралуу аталган банктардын жетекчилери маалымат жыйынында билдирди.

Жалпы жонунан Айыл банк 1 млрд. 231 млн. сомду 2 миң 334 адамга насыя берген. РСК банк республика боюнча жалпысынан 1 млрд. 337 млн. 869 миң сом насыя берген. Насыянын 50% мал чарбасына, 25% дыйканчылыкка жана 25% айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилиши керек.

Дыйкандарга насыяга берүү үчүн 5 миң 750 тонна үрөн алынган. 18-апрелде 303 млн. сомго 5 миң 750 тонна үрөн алынган. 250 млн. сомдук үрөн насыяга берилген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканын, банктарда кезек күтүүлөр арбын экенин сындашкан.

Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленди.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.

Дагы караңыз

Өкмөт Дүйнөлүк банктын акчасын Баткенге жумшайт Зеленский Мариупол Орусияга каршылык көрсөтүп жатканын айттыКазакстанда Карим Масимовдун жакын тууганына издөө жарыяландыКашка-Дарыяда Мирзиёев келер алдында жолдор шашылыш оңдолду