Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:16

Кашка-Дарыяда Мирзиёев келер алдында жолдор шашылыш оңдолду


Касан районунда чукул оңдолгон жол.
Касан районунда чукул оңдолгон жол.

Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда президент Шавкат Мирзиёевдин сапарынын алдында жолдор шашылыш асфальталды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы ("Озодлик") жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып билдирди. Алар Мирзиёев келер алдында айрым райондордо үйлөр жана дубалдар шашылыш акталып, тратуарлардын четине гүлдөр отургузулганын, буга миллиондогон сум каражат кеткенин айтып беришти.

Мирзиёев бейшембиде аймактардын экономикасы жана калктын жашоо-турмушу менен таанышуу сапарынын алкагында Кашкадарыя облусуна барган. Анын алдында облустагы Чиракчин, Касан жана Кокдалин райондорунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

"Озодлик" жазгандай, айрым айыл-кыштактарда тургундардын жашоосун жакшыраак кылып көрсөтүү үчүн ишкерлердин эсебинен дүкөндөрдөгү азык-түлүктүн түрлөрү көбөйтүлгөн. Касан районундагы Амир Темур сейил багында 21-апрелге караган түнү таң атканча көрктөндүрүү иштери жүргөн.

"Жүздөн ашык чоң челектерге отургузулган пальмаларды алып келишти. Алардын ар биринин баасы 9 миллион сумдан (800 доллар). Экскаватор менен жерди казып, көмүп коюшту. Президент кеткенден кийин пальмаларды кайра казып алышат болуш керек", - деп билдирди Касан райондук акимчилигинин Көрктөндүрүү бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин бири.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү мугалимдердин бири президенттин сапарына Касан районунун борбордук бөлүктөрү гана көрктөндүрүлгөнүн билдирди.

"Алар негизги жолго келип кошулган көчөлөрдүн башталган жерлерин гана асфальтташты. Болгондо да асфальт топурактын жана баткактын үстүнө эле төшөлдү. Бул негизги жолдо автоунаа менен өтүп бараткан адамда кварталдардын бардык көчөлөрү асфальтталган экен деген элес калсын үчүн жасалды. Ага канча акча, канча эмгек кетти? Ал болсо бир жылга жетпей бузулат", - деди мугалим.

Шавкат Мирзиёев Кашкадарыя облусунда 21-22-апрель күндөрү болду. Президеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы сапардын алкагында өндүрүштүк ишканаларга, фермерлик чарбаларга жана маалелерге барды.

Буга чейин Мирзиёев президентти даңазалоого, ага жасакерленүү же жагынуу көрүнүштөрүнө каршы экенин айткан. Бирок байкоочулар Өзбекстанда мындай көрүнүш мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунан бери уланып келе жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG