23-апрелдин аба ырайы

Папан суу сактагычы.

23-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 24…26 градус болот.

Дагы караңыз

Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун жетекчиси кармалдыСалык карызы бар 535 адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салындыДепутат Ташиев министрдин орун басарын жана милицияны айыптадыЗеленский Мариупол Орусияга каршылык көрсөтүп жатканын айтты