Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

Салык карызы бар 535 адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салынды


Манас эл аралык аэропорту.
Манас эл аралык аэропорту.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы 1-апрелден тартып карызы бар 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганын билдирди.

Мындан тышкары 1128 салык төлөөчүнү дагы чет өлкөгө чыгарбоону өтүнүп, Сот департаментине материалдарды жөнөткөнүн айтты.

Салык кызматы карызы жүз миң сомдон ашканы боюнча билдирүү берилгенден кийин 15 жумушчу күндүн ичинде төлөбөгөндөргө өлкөдөн чыгууга тыюу салуу өтүнүчү менен сотко кайрыла алат.

Мындан тышкары Мамлекеттик салык кызматы менен Жогорку соттун Сот департаментинин ортосундагы макулдашууга ылайык, карызы барлардын мүлкүн камакка алып, өлкөдөн чыгууга тыюу салуу жана башка чектөөлөрдү киргизүүгө болот.

Салык кызматынын расмий сайтында 100 миң сомдон салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ай сайын жарыяланат.

Министрлер кабинети мамлекеттик бюджетти 2022-жылы 400 млрд. сомго, 2023-жылы 500 млрд. сомго, ал эми 2024-жылы 600 млрд. сомго жеткизүү боюнча план койгон.

Кыргызстандын салык кызматы 2021-жылы мамлекеттик казынага 105 млрд. 714 млн. сом чогултуп, 2022-жылы 155,6 млрд. сом каражат жыйноону көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG