Зеленский Мариупол Орусияга каршылык көрсөтүп жатканын айтты

Мариуполдогу талкаланган көп кабаттуу үй.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-апрелге караган түнү жарыялаган видео кайрылуусунда Мариупол шаары орус күчтөрүнө дагы деле каршылык көрсөтүп жатканын айтты.

Ал орус тарап Украинанын чыгышында жана түштүгүндөгү аракеттерин жеңиш катары көрсөтүүгө аракет кылып, аймакка жаңы күчтөрдү тартып келгенин, керек болсо оккупацияланган аймактын калкын аскерге чакырууга аракет кылып жатканын, бирок андан майнап чыкпай турганын айтты.

"Бул кадамдардын бирөө да биздин мамлекетке каршы согушта Орусияга жардам бербейт. Алар качып кутула алгыс жагдайды же баскынчылар биздин аймактан чыгып кете турган күндү гана бир аз кечеңдетип жатат. Өзгөчө Мариуполдо. Шаар оккупанттар эмне деп айтпасын, Орусияга каршылык көрсөтүүнү улантууда", - деди Зеленский.

Бир күн мурда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын түштүк-чыгышындагы бул шаар орус тараптын карамагына өткөнүн айткан. Президент Владимир Путин Мариуполдогу украин күчтөрүнүн акыркы чордонуна айланган "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну токтотууну, бирок бул өндүрүштүк шаарды "чымын учуп өтпөгүдөй кылып" бөгөттөөнү тапшырган.

Дагы караңыз Путин "Азовсталга" чымын өткөрбөөнү тапшырды


Ар кыл эсептерге ылайык, "Азовсталь" заводунда 1,5 миңден 3 миңге чейин украин аскери бар. Алардын көбү "Азов" полкунда жана 36-деңиз аскерлер бригадасында кызмат кылгандар. Мындан тышкары заводдо жүздөгөн жайкын тургундар, алардын ичинде балдар да бар экени кабарланып келет.

Шаршембинин кечинде "Азов" полкунун командиринин орун басары Святослав Паламарь видео кайрылуу таратып, украин аскерлери куралын таштабай турганын, бирок коопсуз жайга чыгып кетүүгө даяр экенин айткан.

Дагы караңыз

Бишкекте милиция машинага тартылган "Z" белгисин өчүрттүМадумаров антимитингдер артында күч түзүмдөрү турганын айттыАйсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында финалга чыктыЖергиликтүү маанидеги жолдордун 64% абдан начар абалда экени айтылдыS-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев 24-майга чейин камакта калды