Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Жергиликтүү маанидеги жолдордун 64% абдан начар абалда экени айтылды


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө жергиликтүү маанидеги жолдордун 64% абдан начар абалда экенин бүгүн 22-апрелде парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Кайынбаев билдирди.

Кайынбаевдин айтымында, министрликтин кредитордук карызы азыр 850 миллион сомду түзүүдө:

“Жолдордун абалы жалпысынан канааттандырарлык эмес. 18,9 миң чакырым жолдун 7 миң чакырымынын жабуусу асфальт-бетон, калганы шагыл. 2020-2021-жылы каржылоо абдан начар болгон. 2020-жылы коронавируска байланыштуу биздин бюджет 70% кыскартылган. 2021-жылы бир топ каражат мурдагы кредитордук карыздарды жабууга жумшалып, жол оңдоого болгону 1 миллиард каражат кеткен”.

Кайынбаевдин айтымында, Кыргызстанда жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырым, анын 18,9 миң чакырымы министрликтин карамагында.

Министрдин орун басары быйыл 590 чакырым жол оңдолорун, анын 429 чакырымынын асфальты жаңыртыларын, бюджеттен 7,6 миллиард сом, ал эми инвестициялык долбоорлор аркылуу 11 миллиард бөлүү каралып жатканын кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG