Камактагы блогер Батмакан Жолболдуеванын ишин Ош облустук милициясы тергемей болду. Бул тууралуу 21-апрелде “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева билдирди.
Анын айтымында, Жолболдуеванын иши 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ошко которулган.
Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасы бүгүн Ош шаардык сотунда каралат.
49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерүү учурундагы видеолорун жарыялап турган.
Ал журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган. Мындан сырткары ага карата дагы үч кылмыш иши козголгон. (AAb)
Дагы караңыз
Депутат Кумтөрдөгү иштер абдан жакшы абалда экенин айтты Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы финалга чыгыштыМектеп, мугалим жана окутуу сапаты: бүгүн өзгөрбөсө, эртең кечДүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт