Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:51

Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы финалга чыгышты


Архив сүрөт. Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы.
Архив сүрөт. Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы.

Кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгышты. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 21-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 55, 59, 68 жана 76 килограмм салмактагы таймаштар айлампа тартибинде өтүп жатат. Кыргызстандан эки балбан күч сынашты.

68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жарым финалда монголиялык Дэлгэрмаа Энхсайханды 7:2 эсебинде жеңди. Жарым финалга чейин Жуманазарова эки атаандашын уткан. Алгач казакстандык Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде, 2-беттешинде түштүк кореялык Сужин Паркты 10:0 эсебинде жеңип алган. Алдыда финалда казакстандык Мадина Бакбергенова менен кайрадан беттешет.

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы жарым финалда монголиялык Ариюнжаргал Ганбатты 10:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Жарым финалга чейин Медет кызы алгач жапониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде утту. 2-беттешинде индиялык Судеш Кумарини 10:0 эсебинде таза жеңди. Алдыда финалда кайрадан жапониялык Юка Кагами менен күрөшөт. Юко Кагами жарым финалда казакстандык Гүлмарал Эркебаеваны 11:0 эсебинде жеңип алды. Байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Мээрим Жуманазарова 23 жашта. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси, Дүйнө чемпиону. Жаштар арасында Азиянын эки жолку, чоңдор арасында бир жолку чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Айпери Медет кызы дагы 23 жашта. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Азия чемпионатында эки жолу күмүш байге алган. Кыздар арасында (кадеттер) дүйнө чемпионатында коло, жаштар арасында дүйнө чемпионатында алтын байге алган. 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Таймаштар 24-апрелге чейин уланат. Алгачкы эки мелдеш күнү грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өттү. Бул мелдештерде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байгеге ээ болушту. Эртең, 22-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 53, 57, 62, 65 жана 72 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. Бул күнү кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күчүн сынайт. Андан соң эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG