Львовдогу чабуулдан мерт болгондордун саны жети кишиге жетти

Львов шаары, 18-апрель 2022-жыл.

Украинанын батышындагы Львов шаарында орус күчтөрүнүн ракета чабуулунан каза тапкандардын саны жети кишиге жетти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, жараат алган 11 кишинин арасында үч жашар бала бар.

Львов облустук аскердик жана жарандык администрациясынын башчысы Максим Козицкийдин айтымында, дүйшөмбүнүн таңында Львов шаарына төрт ракета учурулган. Алардын көбү украин армиясы колдонбогон аскердик кампага тийген. Бир ракета шаардагы автоунааларды тейлөөчү станцияга түшкөн. Каза тапкан жети кишинин төртөө бул станциянын жумушчулары болгон.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовой орусиялык аскерлер жайкын тургундарды бутага алууну улап жатканын айтты.

"Жети карапайым тургундун өз планы бар эле. Бүгүн эми алардын өмүрү жалп өчтү. Мен автоунаа станциясынын жетекчиси менен сүйлөштүм. Ал имарат урап калганы үчүн эмес, кызматкерлери каза тапканы үчүн ыйлап жатат", - деди Садовой.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков дүйшөмбүгө оогон түнү орус күчтөрү Украинадагы жүздөн ашык объектини аткылаганын маалымдады. Орус армиясы Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери батыштагы Львов шаары башка аймактарга салыштырмалуу азыраак чабуулга кабылган. Мындан улам Львов Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарынан качкан жарандардын башкалкасына айланган.

Украинадагы согушта миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери беш миллионго чукул украин жараны чет өлкөгө качты.

Дагы караңыз

Министрлик: Ошто лицензиясы жок тиш дарылоочу жайлар аныкталды"ИМ" террордук тобу тарапкерлерин мурдагы лидери үчүн өч алууга үндөдүКамактагы украин олигархы Медведчук Зеленский менен Путинге кайрылдыУкраинада өзбекстандык 11 мигранттын дайыны чыкпай жататДепутат УКМКга тийиштүү мыйзам Орусиядан көчүрүлүп алынганын айтты УКМК кызматкеринен күбөлүгүн сөзсүз көрсөтүүнү талап кылуучу норма колдоо тапкан жок