Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Депутат УКМКга тийиштүү мыйзам Орусиядан көчүрүлүп алынганын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салуу боюнча сунушталып жаткан жаңы мыйзамдардын биринин долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынганы тууралуу маселе 18-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Таалайбек кызы Жылдыз тышкы чалгын ишмердүүлүгү жөнүндөгү мыйзам долбоорун мисал келтирип, редакциялык каталар бар экенин айтты:

“Орусиянын мыйзамын база катары ала турган болсок, келгиле, биздин мыйзамдын редакциясын эч болбогондо туура кылалы. Редакциялык мүнөздөгү каталар аябай көп. Силер бир бөлүк кошуптурсуңар. Орусиянын мыйзамында андай бөлүк жок болгондуктан жылып кетиптир. Келгиле, эч болбогондо туура жазалы”.

Депутатка атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков жооп берди:

“Кээде көчүрүп алгандай сезилген себеби – алардын табияты бир. Баары бир айкалышып турат. Ошондой болуп көрүнөт. Сиздин айтканыңызды эске алабыз”.

Комитеттин бүгүнкү отурумунда улуттук коопсуздук органдарынын ишине байланыштуу беш мыйзам долбоору талкууланууда.

Кыргызстанда мыйзам долбоору жазылганда Орусиянын ошондой мыйзамынан көчүрүлүп алганы тууралуу маселе буга чейин да көтөрүлүп келген. Кээде Кыргыз Республикасы дегендин ордуна Орусия Федерациясы бойдон калган учурлар да болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG