Министрлик: Ошто лицензиясы жок тиш дарылоочу жайлар аныкталды

Сүрөт окуяга тиешеси жок

Саламаттык сактоо министрлиги Ош облусунда жана шаарында 25 тиш дарылоочу жай лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталганын айтты.

18-апрелде берилген маалыматка ылайык, аларга 135 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан сырткары медициналык лицензиясы жок иш жүргүзгөн адамдарга чара көрүү үчүн топтолгон маалыматтар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Тиш дарылоочу жайларды текшерүү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен жүргүзүлгөн. Буга чейин министрлик Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын айрымдарынын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берген.

Ага чейин Бишкек шаарындагы бир катар ооруканалар текшерилип, айрымдарынын жетекчилери жумуштан алынган болчу. (AAb\JsA)

Дагы караңыз

Камактагы украин олигархы Медведчук Зеленский менен Путинге кайрылдыУкраинада өзбекстандык 11 мигранттын дайыны чыкпай жататДепутат УКМКга тийиштүү мыйзам Орусиядан көчүрүлүп алынганын айтты УКМК кызматкеринен күбөлүгүн сөзсүз көрсөтүүнү талап кылуучу норма колдоо тапкан жокӨкмөт кагаз иштерин кыскартуудан 112 миллион сом үнөмдөлөрүн айтты