Балыкчыда аскерде ок тийген жоокердин абалы боюнча маалымат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Балыкчыда аскерде ок тийген жоокер Бишкекте ооруканада жатканын бүгүн 18-апрелде Коргоо министрлиги билдирди. Окуя 9-апрелде №20636 аскер бөлүгүндө болгон.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аскерлердин бири кокусунан чыгарган ок башка аскерге тийген. Жараат алган жоокердин абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө, материалдар Балыкчы гарнизонунун аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (RK)

Дагы караңыз

"Асман" шаары курула турган аймак кайра каралууда"Кинорежиссерлор мени талашып калышчу"Ирандын президенти Израилге эскертүү бердиЧек ара кызматы: Казакстан машине өткөрүүнү улам токтотуп коюуда