Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

Чек ара кызматы: Казакстан машине өткөрүүнү улам токтотуп коюуда


"Ак-Тилекте" кезек күткөн жүк ташуучу унаалар. Архивдик сүрөт.
"Ак-Тилекте" кезек күткөн жүк ташуучу унаалар. Архивдик сүрөт.

Казакстан кыргыз-казак чек арасынан казак тарапка оор жүк ташуучу машинелерди өткөрүүнү 18-апрелге караган түнү төрт саат бою токтотуп койгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай көрүнүштөр улам кайталанып жатат.

“Казак тарап транспорт каражаттарын өткөрүүнү улам токтотуп коюуда. Мисалы, 18-апрелде саат 3:30дан 7:30га чейин машиналар өткөрүлгөн жок”,-деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Мекеме 18-апрелдин саат 11ине карата "Ак-Тилек" бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезек күткөн оор жүк ташуучу машиналар 300дүн, "Чалдыбарда" 70тен ашуун машине турганын айтты.

Автоунаалардын кезеги бир нече чакырымга узарган көрүнүш "Ак-Тилектин" жанында соңку бир аптадан бери байкалууда.

Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов эгер мындай мамиле болсо Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (RK)

XS
SM
MD
LG