19-апрелдин аба ырайы

Кыргызстан.

19-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 4…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 22…24 градус болот.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы: Казакстан машине өткөрүүнү улам токтотуп коюуда Түркия Ирактын түндүгүндө жаңы операциясын баштадыАмангелдиев: Казак тарап милдеттенмесин аткарбай жатат"Алиппе" китебиндеги негизги үч ката