Кыргызстанда туулуп-өскөн дагы бир жигит Орусия армиясынын катарында Украинада каза болгону айтылууда. 18-апрелде “Азаттык” Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоев менен байланышканда ал Кара-Дыйкан айылында маркумдун туугандары сөөктү жерге берүү үчүн күтүп жатышканын билдирди:
“Келе элек, качан келери бүгүн билинет дешти. Кичине чоңойгондо эле кетиптир Орусияга. Орусиянын жарандыгын алган экен. Ошол жактан аскер кызматына кеткен экен. Ата-энеси бул жакта турат. Украинада каза болуптур деп жатышат”.
Буга чейин Украинада орус аскери катары окко учкан теги кыргызстандык эки адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын бири – 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган. Экинчиси – 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтадагы ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылган. Алардын сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу жеткирилген.
24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келе жатат. (RK)
Дагы караңыз
"Кара июлда" алынып, колдонулбай турган ИВЛ аппараттары боюнча маалымат берилдиОрус күчтөрү Украинанын бир нече шаарына сокку урдуПрезиденттин администрациясынын жаңы имаратын TS Group компаниясы куратУкраин бийлиги: Мариупол үчүн кармаш аягына чейин уланат