Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Орус күчтөрү Украинанын бир нече шаарына сокку урду


Киев шаары.
Киев шаары.

18-апрелде таң эрте Украинанын Киев, Львов жана Днепропетровск шаарларында бир нече жарылуунун добушу угулду. Украин медиасы кабарлагандай, орусиялык күчтөрдүн Днепропетровскидеги ракета чабуулунан эки киши жараат алды.

Өлкөнүн батышындагы Львовго беш ракета атылганын шаардын мэри Андрей Садовой Фейсбук аркылуу кабарлады. Ал куткаруучулар сокку урулган аймактарга жөнөтүлгөнүн билдирди. Азырынча Львовдогу чабуулдан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Жергиликтүү тургундардын бири шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнөн кара түтүн чыгып жатканын көргөнүн France press жаңылыктар агенттигине айтып берди.

"Рейтерс" агенттиги билдиргендей, Киевдеги Днепр дарыясынын сол жээгинде бир нече жарылуу болду. Бул тууралуу украин бийлиги да, Орусиянын Коргоо министрлиги да азырынча маалымат бере элек.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери беш миллионго чукул украин жараны чет өлкөгө качты.

Орусиянын күчтөрү марттын аягы жана апрель айынын башы менен Украинанын түндүк аймактарынан чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары Орусия Украинанын чыгышында ири чабуулдарга даярданып жатканын эскертишкен.

Өткөн аптада Орусиянын Кара деңиздеги флагманы саналган "Москва" крейсери чөгүп кеткенден кийин орус күчтөрү Киевдин айлана-тегерегин аткылаган. Украин күчтөрү "Москва" аскердик кемесине "Нептун" ракетасы менен сокку урганын билдирген. Орусиянын расмий өкүлдөрү кеменин чөгүп кетишине өрт себеп болгонун айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG